«Мамлекет тикмечиликти колдоону улантат». Жапаров жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун куттуктоосу:

«Жеңил өнөр жайы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу жана стратегиялык маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Текстиль, кийим тигүү, бут кийим өндүрүү жана булгаары иштетүү ишканаларынын жетекчилеринин жана жумушчуларынын күжүрмөн эмгегинин аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык потенциалы жогорулоодо. Ата Мекендик жеңил өнөр жай продукцияларынын кеңири, сапаттуу жана жеткиликтүү ассортименти республиканын экспортундагы алдыңкы позицияларды кармап калууга, экспорттук негизги рыноктордогу суроо-талаптарды жана муктаждыктарды канааттандырууга мүмкүндүк берет. Тармакта мурунку муундардын салтын сактап келген, жаңы технологияларды ийгиликтүү өздөштүргөн чыныгы патриоттор жана өз ишинин чеберлери эмгектенет, бул анын туруктуу өнүгүүсүнө жана ата мекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жеңил өнөр жай ишканалары республиканын эмгек рыногунда калкты олуттуу деңгээлде иш менен камсыз кылып, жарандардын жашоо сапатына оң таасирин тийгизүүдө. Тигүүчүлөрдүн, бычмачылардын, модельерлердин кесиби республикада эң көп талап кылынган адистиктердин катарына кирет. Ошону менен жакынкы мезгилде мамлекет тарабынан өндүрүштүн жаңы талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү каралууда.

Коронавирус пандемиясынын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн экономикалык абалына терс таасирин тийгизди, бүгүн өнүгүүнүн траекториясы биздин өлкөнүн атаандаштык артыкчылыктарын максималдуу толук колдонууга багытталышы керек. Мамлекет тарабынан ушул артыкчылыктуу тармакты колдоо боюнча иштер улантылат, ири долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөт, анын сапаттуу уюштурулушу он миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жана анын өнүгүү деңгээлинин жаңы масштабдарына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет».