Мамлекет башчысы: «15-20 казинону көзөмөлдөй албасак, эмнебиз мамлекет?»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маекте казинолорду ишмердүүлүгүнө кайрадан уруксат берүү боюнча пикирин билдирди.

«Ал мыйзам азыр карала элек. Эгер өтүп калып, мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне мамлекетпиз? Биздин жарандар бут басып кире алышпайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде эле бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошол үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизиши коркунучтуу. Андан сырткары УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жөн олтурмак беле? Казиного кирген жарандарыбызды кармаса, жоопко тартат. Казиного көнүп калган бир депутат бар. Кол тийбестигим бар деп ошол эле барбаса (Тамаша). Кыскасы, биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз. Малайзияда казино бар. Өз жарандары кирбейт. Аларда да мыйзам ушундай. Айрым мусулман өлкөлөрдө да ушундай тажрыйба бар, өз жарандарына да уруксат берилет», — дейт президент.