Мамлекет башчысы: «5 миллион долларга 58 өрт өчүрүүчү унаа сатып алдык»

«Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 миллион доллардан ашык акча каражатына 58 өрт өчүрүүчү автоунаа сатып алдык». Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта президент Садыр Жапаров ӨКМге техникаларды тапшыруу аземине катышып жатып айтты.

«Бул өрт өчүрүүчү автоунаалар өрт кырсыктарына жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарга өз учурунда ыкчам чараларды көрүүгө шарт түзөт. Былтыр дагы бир өнөктөшүбүз — Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте инженердик 85 техника сатып алганбыз. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине быйыл бюджеттен 300 миллион сомдон ашык акча каражатына элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган техникаларды жана 2 миллиондон ашык еврого тик учак алганы турабыз», — деди өлкө башчысы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өлкөдө мындай өрт өчүрүүчү унааларды масштабдуу жаңылоо 2008-жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлгөнүн билдиришти.