Мамлекет башчысы: «Биз деле депутат болгонбуз. Баарын далилдеп алып, анан сүйлөчүбүз»

«Биз деле депутат болгонбуз. Баарын далилдеп алып, анан сүйлөчүбүз». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «ВБ» басылмасына берген маегинде билдирди.

«Жогорку Кеңеш президент менен чабышып турса, аброю өсөт деген акылсыздардын сөзү. Эмне бири-бирибизге душман белек? Тескерисинче, эриш-аркак болуп иштешибиз керек. Мамлекет, эл бир эле. «Президент жана өкмөт менен чабышыш керек деген парламенттин оорусу 2010-жылдан бери пайда болгон. Биз ал ооруну жок кылдык. Азыр президенттик башкаруу. Эми мындан ары ынтымактуу иштешебиз.

Парламент — бул коллективдүү орган. 90 депутаттан турат. Анын 89у супер депутаттар болуп туруп, бир эле депутат кыйшык сүйлөп алса, мына ошондо аброю түшөт, мына ошондо парламентке каймана аттар коюлат. Ошол үчүн ар бир депутат «Алмакан эжем айтпадыбы» дей бербей, так, даана, фактыларды келтирип сүйлөп турса, мына ошондо аброю көтөрүлөт. Ар бир депутат ойлонуп сүйлөш керек. Биз деле депутат болгонбуз. Эч качан болжолдоп эле сүйлөй берчү эмеспиз. Баарын далилдеп алып, анан сүйлөчүбүз», — дейт президент.