Мамлекет башчысы: «Мындан ары «алтын мандат» деген болбойт»

«Мурда партиялык лидерлер партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды жүз миңдеген доллар акчага баалап, партиялык идеяларга гана эмес, парламенттин табиятына кошо акаарат келтирсе, мындан ары «алтын мандат», «биринчи ондук», “биринчи жыйырмалык” деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.

«2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Баш мыйзамдын жаңы редакциясы – Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алынды. Анда өлкөбүз үчүн актуалдуу болгон бардык маселелер, элибиз туу туткан жана коомубуз умтулган баалуулуктар жактырылды. Шайлоо системасын өзгөртүү жана депутаттардын санын кыскартуу боюнча элдин талабы эске алынды. Ошону менен бирге тийиштүү мыйзамга кол коюлуп, анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону мындан ары аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү тууралуу жаңы жоболор каралды. Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон, калк арасынан суурулуп чыккан эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан жана аны акча жасоонун, коррупциянын булагына айландырган эски, алдамчыл системаны жойдук», — деди өлкө башчысы.