Мамлекет экс-президенттердин баарын эле бага албайт деген маселе көтөрүлдү

Экс-президенттердин баарын бага албайбыз. Мындай пикир кечээ конституциялык кеңешменин жүрүшүндө айтылды.

“Азыр бизде эки экс-президент бар, алардын саны дагы көбөйөт. Мамлекет башчыларынын бийликтен кеткенден кийин деле чоң мүмкүнчүлүктөрү калып, андай кепилдиктер өмүрүнүн аягына чейин сакталат. Өлкөгө оңбогондой чыгым болууда. Баары эле экс-президент деген макамды ала бербегидей норманы карап чыгуу керектир… Мен өз мөөнөтүн аягына чейин иштеген адамга гана экс-президенттикти берүүнү сунуш кылам”, — деди тарых илимдеринин доктору Абылабек Асанканов.

Экс-президент деген макам учурда Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен октябрь айында бийликтен куулган Сооронбай Жээнбековдо бар. Алмазбек Атамбаевди бул макамдан Жогорку Кеңеш ажыратканы маалым.