Каныбек Осмоналиевге мамлекеттик катчылык убадаланды беле? Анын жообу соцтармактагы талкууга жем таштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев соцтармактагы баракчасына «Шагымды жаман сындырды да! Өмүрүмдө мындай ыза болбодум эле! Акылы тайкы экен!» деп жазганы коомчулукта чоң талкууну жаратты. Бул пост кийин өчүрүлгөнү менен учурда скриншоту тароодо.

Мындан кийин жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу төмөндөгүчө пост жарыялады. Садыр Жапаров камакта жатканда боштондугун талап кылып, Садыр Жапаров үчүн камалып чыккан Каныбек Осмоналиев шагым сынды деп пост жазды. Ооба, сынмак. Калыс сөзүн айта албай, кошоматтыкты өркүндөтүп келе жатты эле. Мамлекеттик катчылыкка бараарын, маселеси чечилип, батасы менен экенин кулагым чалды эле. Берки эшиктен кирип кеткен Чолпонбек Абыкеев көксөп жүргөн кызматын жулуп кетти. Расмий маалымат чыкканда шагы сынганы ошол болуш керек. Жеңиш Молдокматов камалганда чындыкты айтып жатканда табалап бир топ сөз айтып, мамлекеттик каналдардан жамандап берди эле. Бийликке ким тийишсе жамандап бериш үчүн кезекке тургандардын сап башында эле, — деп жазды ал.

Ошондой эле экс-депутат Жылдызкан Жолдошова жогорудагы билдирүү боюнча өз пикирин жарыялады. «Садыр Жапаров, бир нерсени унутпаш керек, ушул даражага бизге окшогон инсандар аркылуу жеткенин. Садыр, сени чын дилинен, колдоп келгендерди эле эмес, сен үчүн камалган Каныбек Осмоналиевди дагы «кидать» эттиң», — деп жазган экс-депутат. Ушул эле билдирүүнү Каныбек Осмоналиев да өз баракчасында бөлүштү.

Каныбек Осмоналиев 2020-жылдын март айында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингинен кийин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ал акцияны уюштуруп, анын катышуучуларын массалык башаламандыкка түрткөн, милициянын талабына баш ийбеген, таш ыргыткан, ошондой эле Ак Үйдүн аймагына кирип, бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген. Былтыр июнь айында ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.