Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
Президенттик администрация, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын.
Сунушталсын:
— Жогорку Кеңешке парламенттин аппаратынын, Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;
— Жогорку Сотко, Конституциялык сотко, жергиликтүү соттор жана Сот департаментине сот органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу.
Министрлер кабинети:
— кыскартылган кызматкерлерге мыйзамга ылайык бошонуу жөлөкпулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;
— бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
— үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшасын;
— Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, президенттин Иш башкармасы ушул Жарлыктын 3-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ишти жүргүзсүн. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.







