Бажы кызматынын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп Кыялбек Мукашев дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 15-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров төраганын жаңы орун басарын жамаатына тааныштырган. Мукашев буга чейин каржы министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.