«Мамлекеттик деңгээлде дебаттарды өткөрүүгө акча жок экен». Эки партия өз алдынча дебатка чыгат

Silhouette illustration of two men figure debating on podium

1-апрелде «Реформа» партиясы менен Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы өз алдынча дебат уюштурушат. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдирди.

Сооронкулованын айтымында, аталган эки партия өз демилгелери менен беттешти уюштуруп жатышат. Алардын дебаттык беттеши «Бишкек тандайт» деп аталып, онлайн форматында өткөрүлөт.

«Мамлекеттик деңгээлде мамлекеттик телеканалдар бул жергиликтүү шайлоонун дебаттарына каражат жоктугун айтышып, уюштуруп өткөрүүдөн баш тартышты. Мурда болсо дебаттарга америкалык уюм каражат бөлүп, уюштуруп турган экен. Бирок соңку президенттик шайлоодогу дебаттардан кийин ал уюм КТРК менен келишимин телетаймаш бир жактуу болгон деген негизде үзүп салыптыр. Мындан улам, аталган эки партия өз алдыбызча беттештерди уюштура берүүнү туура көрдүк. Дебаттар аркылуу гана эл талапкерлердин ишмердүүлүгү менен объективдүү таныша алат», — деп билдирди Клара Сооронкулова.

Дебаттын түз трансляциясын Facebook жана YouTube аркылуу көрсө болот. Модератор Данияр Аманалиев болуп, беттеш бир жарым саатка созулат.

Белгилей кетсек, өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Анда 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.