Мамлекеттик катчы: «2 жыл чыдап бергиле. 10 жылдан кийин өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кошулабыз»

Малайзия 20 жылда өнүккөн. Түштүк Корея менен Сингапур 25-30 жылда өнүккөн. А биздин элибиз бизден өтө тездикти талап кылып жатат. «Бүгүн эле өнүгө калсак» деп жатышат. Бирок жомоктогудай болбойт экен. Мындай оюн мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Бизге 5 жылдын ичинде экономикалык жактан өнүгүүгө жол ачыла баштайт. 3 жылдан кийин туура жолго түшкөнүбүз көрүнөт. 2 жыл кыйналабыз. Элибизге муну ачык айтышыбыз керек. Мен дайым айтып келе жатам «2 жыл чыдап бергиле» деп. Үчүнчү жылы «чын эле өнүгүү жолуна түшкөн экенбиз» дейсиңер. Ошонун жолу көрүнөт. Ал эми жол көрүнгөндөн кийин анын даңгыр экенин баамдайбыз. 10 жылдан кийин алдыңкы өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кошулабыз. 15-20 жылдан кийин алдыңкы 10-15 мамлекеттин катарына жете алабыз», — деди ал.