Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев: «Президентти сынга алуу — 83 пайыз элдин бетине түкүрүү»

Бүгүн, 17-сентябрда мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Биринчи радионун» эфиринде президентти сынга алгандарды сындады. Анын айтымында, президентти сынга алуу — 83 пайыз элдин бетине түкүрүү.

«Коомдо бир жаман адат пайда болгон. Ээн ооздук деп коёлучу. Ошол ээн ооз адамдар укук коргоо органдары аларды алып келип сурап койсо эле менин укугумду бузуп жатат дешет. Бирок ал ошол убакта ээн оозу менен жалпы элдин укугун бузуп жатканы менен иши жок. Мисалы, биз президентти шайладык, 83 пайыз эл добуш берди. Анан туурадан эле бирөө чыга калат дагы «эй, сен иштей албай атасың кет!» дейт. Анан ал ошондо 83 пайыз элдин берине түкүрүп атканын ойлобойт. Ал президентти эмес, элди шылдыңдап жатат», — деди ал.