Мамлекеттик катчы алдыда «чоңураак окуялар» болорун божомолдоду

Астыда мындан да «чоңураак окуялар» болот окшойт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Биз митинг кылабыз, минтебиз, тигинтебиз деп телефон менен сүйлөшө калышып, анан аны укук коргоо органдары сөзсүз чакырышы керек. Алардын милдети. Бийликти кубалайм десе, укук коргоо органдары унчукпай отура албайт да. Алар чакырып, эмнеге минттиң, эмне максатың бар деп коюш алардын милдети. Анан ошентсе эле алар, бизди таза сүйлөтпөй атат деп эле… Жеңил рекламаны мындан ары дагы октябрь айында да, ноябрь айында да улантат го деп ойлоп атам. Алар саясий оюндарды кылганга көнүп алышты», — деди ал.

Ал мындан тышкары, бизде деморкратия эмес, анархия көбүрөөк жакын экенин айтты. «Мен 100 миң киши алып чыгып, бийликти көчүккө тээп кубалап ийем деген анархия», — деди ал.