Мамлекеттик катчы: «Дипломуң барбы же жокпу деп эч ким сурабайт. Азыр жөндөмдүүлүккө карайт»

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Туура кесип — келечектин кепилдиги» форумуна катышты. Ал иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда калктын 18 пайызын жаштар түзөрүн белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов мамлекет башчысы «Эл үмүтү» стипендиясын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгонун эске салды. Ошондой эле, Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерин иштеп чыгууга киришти. «Азыр дүйнөдө дипломуң барбы же жокпу деп эч ким сурабайт. Биринчиден, жөндөмдүүлүккө карайт. Андыктан жаштар биринчи кезекте кесипти туура тандап алышы керек, бул кесип келечекте аларды багып эле тим болбостон, өнүгүүгө да шарт түзүшү керек», — деди ал.