Мамлекеттик катчы: «Президенттин жарлыгында маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга тыюу салынат деген сөз жок»

«Президент Садыр Жапаровдун ысырапкорчулук тууралуу жарлыгында маркумду акыркы сапарга узатууда жана той-топурда кой же тоок союуга тыюу салынат жана президенттин администрациясы бул үчүн айып пул салат деген сөз жок». Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта тегерек столдо мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов айтканын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Анын айтымында, президент кол койгон жарлыкта бир да тыюу салуу жок, бирок эл арасында ошондой ушак сөздөр айтылып, туура эмес чечмеленип жатат. «Сөздүн төркүнү башкада. Ал мал союуга тыюу салбай, маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулук кылбоого чакырды. Эл жөн эле атаандашып жатат, «кошунамдан эмнем кем, атамды эмнеге татыктуу көмө албайм?» дешет. Мамлекет башчысы атаандашпай, маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн кредит албоого эле чакырган болчу», — деди мамлекеттик катчы.

Буга чейин президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койгонун жана ага ылайык Кыргызстандыктардын баарына: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынарын жарыялаган эле.