Мамлекеттик катчы: «Садыр Жапаровдун тагдырын душманыма да каалабайт элем»

«Бүгүнкү күндө бардык тармактар боюнча реформа жүрүп жатат. Ошол реформаны колго алышыбыз керек». Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Биз оор мезгилде келдик да, мамлекет аз жерден мамлекеттигин жоготуп, кыйрап кала турган кырга жеткенде келдик. Пандемия болуп, дүйнөдө кризис болуп атканда биз бийликке келдик. Ошону менен бирге мамлекеттин экономикасы талкаланып калган учурда Садыр Жапаров бийликке келди. Садыр Жапаровдун тагдырын душманыма да каалабайт элем. Ушундай президенттик тагдырды душманыма деле каалабайт элем. Оор кырдаалда президент болуп келип, ушунча элдин жоопкерчилигин алып, мамлекетти кайра бутуна тургузуп, гүлдөгөн мамлекетке айландырам дегендин өзү чоң эрдик», — деди ал.