Каттоо кызматынын төрагасы кызматтан кетти

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Залкарбек Карыбеков эми төрагалык милдетин аткарат. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кечээ, 20-майда кол койду.

Буга чейин төраганын ордун Акын Мамбеталиев ээлеп келген. МККдан билдиришкендей, Акын Мамбеталиев өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.