Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров жана анын орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты SEREP MEDIA маалымат агенттигине аталган агенттиктин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Мекеменин айтымында, тиешелүү буйрук Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги тарабынан чыгарылган. Себеби Мамлекеттик курулуш агенттиги азыр Транспорт министрлигинин карамагында.
Ошондой эле министрликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кененирээк маалымат берүүнү убада кылышты.
Эскерте кетсек, буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов агенттикти жетектеп келген Урматбек Көкөчаровго сөгүш жарыялаган.











