Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы алмашты

Мусабеков Базарбай Абдыкеримович Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 30-апрелде кол койгон.

Буга чейин бул кызматты Айдаров Каныбек Абдраевич ээлеп келген.