Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов кызматтан кетти

Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынында Ж.Исакулов жамаатка аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, фонд мамлекеттик мүлктүн сакталышы жана сарамжалдуу пайдаланылышы үчүн жооптуу экендигин белгиледи.

Исакулов бул кызматка 2019-жылы август айында дайындалган.