«Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров  «Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында мамлекет башчысы Министрлер кабинетине караштуу төмөнкүлөр түзүлсүн деп токтом кылат:

— Мамлекеттик кадр кызматынын жана Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;

– Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун базасында Социалдык фонду.

Мындан тышкары, аталган жарлыктын негизинде Тышкы иштер министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Мурунку аталышынан «тышкы соода жана инвестициялар” деген сөздөр алып салынды.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.