Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси алмашты

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ордуна Илияз Иманбетов келди. Ал буга чейин ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштеген башкармалыкты жетектеп турган.

Кабыл Абдалиев 2021-жылдын 1-апрелинде премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен кайра кызматка дайындалган болчу.