Мамытов балбандарды сыйлады

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен машыктыруучулар курамын куттуктады.

Иш-чарага байгелүү орун алган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Жоломан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар штабы катышты. Спортчу Айаал Лазерев шаарда болбогондугуна байланыштуу иш-чарага келе алган жок.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Кыргыз балбандары Дүйнө кубогунда 3 алтын жана 5 коло медалды багындырышып, жыйынтыгында жалпы медалдар боюнча 2-командалык орунду ээлегенин белгиледи. Ал спортчулар Японияда өтө турган Олимпиада оюндарында дагы өздөрүн татыктуу көрсөтөрүнө үмүт артты. Талант Мамытов спортчуларга жана машыктыруучуларга президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды тапшырды.