Мамытов балдардын психоневрологиялык ооруканасына барды

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов бүгүн, 21-декабрда Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационарынын жаңы имаратын көрүп чыкты.

Аталган имарат 1936-жылы карылар үйү катары ачылган. 1970-жылы ал балдар психоневрологиялык интернатына айланган. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 4 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар баш калкалашат. Мекемеде учурда анда 87 бала тарбияланууда.

Мекеменин негизги имараттарынын дээрлик бардыгы авариялык абалга келген. Акыркы жылдары имаратты жаңылоо жана аны материалдык-техникалык жактан чыңдоо аракеттери көрүлгөн. Каржы жагынан колдоо үчүн мекеменин жетекчилигине 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.