Мамытов ЕАЭБде соода тоскоолдуктары бар экенин айтты

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов Орусиядагы иш сапарынын алкагында Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

Мамытов кыргыз тарап биримдиктин тышкы соода-экономикалык алакаларын арттырууга, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы соода тоскоолдуктарын алуу аркылуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин кошумчалады. «Евразия биримдигинин ичиндеги соода байланыштарынын карама-каршылыктарын жойбой туруп, башка өлкөлөр менен кызматташтыкты калыптандыруу, товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн базарларды ачуусун камсыздоо мүмкүн эмес», — деди Мамытов.