Мамытов Москвадагы мекендештер менен жолугушту

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада жашаган Кыргыз жарандары менен жолугушту. Төрага Москвада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө эмгек мигранттарына түзүлгөн шарттарды жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн чараларга өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда миграциялык өз ара байланыш, өлкөлөр ортосундагы аба жана темир жол каттамдарынын толук калыбына келтирүү тууралуу сөз болду. Жолугушууда Талант Мамытов мекендештердин сунуш-пикирлерин угуп, кызыккан суроолоруна жооп берди.