Мамытов ооруканага жаңы «Тез жардам» унаасын тапшырды

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын жеңил типтеги жаңы имаратынан кабар алды.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик аяктаганын маалымдады. 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жалпы баасы 107 миллион сомдон ашык каражатты түзгөн.

Тез курулуучу материалдардан эксперименталдык оорукана куруу иши жай мезгилинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетишине байланыштуу башталган.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу дарыгерлерге тийиштүү шарттарды түзүү менен катар эле калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү мамлекеттин маанилүү милдеттеринен экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында Талант Мамытов Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаңы «Тез жардам» унаасынын ачкычын тапшырды.