Мамытов Орусияга болгон иш сапарынын жыйынтыгын айтып берди

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов Орусияга болгон иш сапарынын жүрүшү тууралуу маек курду. Ал белгилегендей, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында жакшы натыйжаларга жетишилди. Анда эки өлкө ортосундагы авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселеси да сунушталган эле. Талант Мамытов Вячеслав Володиндин Орусия тараптын аталган маселелерди чечүүгө даярдыгын билдиргенин, тиешелүү эки тараптуу макулдашууларга кол коюу белгиленгендигин айткан.

«Расмий маалыматтарга ылайык, учурда 700 миңден ашуун мекендешибиз Орусияда эмгектенип жүрөт. Аларга тиешелүү шарттар түзүлүшү зарыл. Эмгек миграциясы жаатында көптөгөн көйгөйлөр бар», — деди Мамытов.

Ал ошондой эле учурда өлкөдөгү маанилүү процесстердин бири бул президенттик шайлоону таза жана адилет өткөрүү, референдумду уюштуруу экенин белгиледи. Президенттин милдетин аткаруучу жарандар өлкөдөгү башкаруунун эң ылайыктуу формасын аныктап алышы керек болгон конституциялык реформанын маанисине токтолду.