Мамытов Орусиянын Мамдумасына Кыргызстанда миграциялык борбор ачууну сунуштады

Кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусиядагы расмий иш сапардын алкагында Федералдык жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын негизги багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланган.

Талант Мамытов 2021-жылдын 29-декабрында кабыл алынган мигранттарды милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү эрежелери жөнүндөгү жаңы федералдык мыйзамга ылайык Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын укуктук абалына байланыштуу маселелерге токтолду. Муну менен катар жаңы мыйзамды адаптациялоо мезгилинде Орусия тарапка Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен эмгек мигранттары үчүн бул эрежелерди кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

“Тиешелүү документтерди алдын-ала даярдоосуна, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жараяндардан өтүүсүнө жана ишке орношуусуна көмөктөшүү багытында кыргыз тараптын колдоосу менен Кыргызстанда Миграциялык борбор ачуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну өтүнөбүз”, – деди Талант Мамытов. Бул сунушту да колдогон Вячеслав Володин аталган маселе иштелип чыгып, Орусиянын Өкмөтүнө жөнөтүлөрүн билдирди.