Мамытов “президенттик шайлоо өлкөдөгү кырдаалды мындан ары турукташтырууда маанилүү кадам болот” дейт

«Бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргыз мамлекети ЖККУнун алкагындагы өз милдеттенмелерин татыктуу аткарып жатат», — деди президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов. Кечээ, 2-декабрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун видеоконференция форматындагы сессиясы болуп өттү.

Мамытов өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга токтолду. «Окуялардын чоо-жайына токтолбой эле коёюн, анткени сиздерде жетиштүү деңгээлде маалыматтары бар деп ойлойм. Бүгүнкү күндө биз үчүн баарынан маанилүүсү 4-октябрда парламенттик шайлоодо кетирилген кемчиликтерди жоюп, элдин талаптарын ишке ашырууга карата багыт алуу болуп саналат. Азыр өлкөдө коомдук-саясий кырдаал калыбына келди», — деди президенттин  милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов ошондой эле 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтө тургандыгын белгиледи. Буга байланыштуу бийлик органдары шайлоону адилеттүү жана атаандаштык негизде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирди. Мамытовдун айтымында, бул өлкөдөгү кырдаалды мындан ары турукташтырууда маанилүү кадам болот.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргыз мамлекети, Орусия жана Тажикстан мүчө.