Мамытов Володинден аба жана темир жол каттамдарынын санын көбөйтүүнү суранды

Кечээ, 7-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Мамытов COVID-19 пандемиясы Кыргыз мамлекети менен Орусиянын  кайчылаш жылынын алкагында иш-чараларды өзгөртүүгө мажбур кылганын айтып, калганын абал турукташкандан кийин улантууну, ал эми жабылыш салтанатын 2021-жылы Кыргыз өлкөсүндө өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле кыргыз тарап бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды жана талаптарды сактоо менен аба жана темир жол каттамдарынын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Мамытов: «Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын санын көбөйтүү же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуу зарылчылыгы чыгууда. Кыргыз авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта учууларды жүргүзүүгө мажбур болгондуктан, авиабилеттердин баасына терс таасир жаралууда», — деди.