Мамытов: «Үгүт кампаниясын жүргүзүүдө бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлдү»

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов кечээ, 11-январда президенттик шайлоо жана референдумга байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту.

Мамытов президенттик шайлоо менен референдум Кыргыз эли үчүн, айрыкча, парламенттик шайлоонун жүрүшүндө болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар аныкталган октябрь окуясынын өңүтүндө өтө чоң мааниге ээ болгонун белгиледи. «Үгүт кампаниясын жүргүзүүдө президенттикке ат салышкан бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлдү, ал эми жарандардын саясий позициялары менен көз караштарын билдирүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар болгон жок», — деди президенттин милдетин аткаруучу.

Эл аралык байкоочу миссияларынын өкүлдөрү Талант Мамытовду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, шайлоо процесси жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгилешти. Эл аралык байкоочулар болуп өткөн шайлоо коомчулуктагы тынчтыктын бекемделишине өбөлгө болоруна үмүт артышты.