Мамытовдун Москвага барган иш сапары башталды

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Орусиядагы иш сапары бүгүн, 7-декабрда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Төрага Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын бир мүнөт унчукпай туруп эскерди. Иш-чарага расмий делегациясынын мүчөлөрү да катышты.

Төрага баштаган делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.