«Манас» аэропорту менен «Кыргыз темир жолу» ишканасы канча киреше тапты? Президент айтып берди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 18-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ААКнын алдындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКда болду. Мамлекет башчысына өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана аны модернизациялоо пландары тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Өлкө башчысына «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүнүн тарыхындагы рекорддук көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Алсак, завод 2020-жылы 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, үстүбүздөгү жылы ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түздү. Ийгиликтүү көрсөткүчтөргө «Кыргыз Петролеум Компани» ААКка 100% ээлик кылган «Кыргызнефтегаз» ЖАК дагы жетишкен. Алсак, компаниянын үстүбүздөгү жылдагы таза кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу 558 миллион сомдон 2,5 миллиард сомго (өсүү 4,5 эсеге), мунай өндүрүү 147 миң тоннадан 173 миң тоннага (1,2 эсеге өсүү), 2021-жылы салыктык чегерүү былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 884 миллион сомго (1,5 эсеге өскөн) өсүп 1,4 миллиард сомду түздү, 2020-жылы кайра иштетүү көлөмү 132 миң тоннаны, быйыл 165 миң тоннаны (өсүү 1,3 эсеге) түздү.

Садыр Жапаров быйылкы жылы ишкананын ишмердүүлүгүнүн оң динамикасын белгилеп, уурулук кылбай, таза иштөөгө болоорун белгиледи. «Мен буга чейин бул жакка келип кеткем. ишкананы жакшы сактап калыпсыңар. Бул багытта иш алып барган облустагы жалгыз ишкана. Өндүрүлгөн продукция өлкөнүн керектөөсүнүн 6-7% гана камсыздайт, бул жетишсиз. Завод жылына 500 миң тонна мунай иштетүүгө жөндөмдүү, аны ушул көрсөткүчкө жеткирүү зарыл», — деди президент.

Мамлекет башчысы өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн иштеп, мамлекеттик ишканалар ушундай жол менен жанданып жатканын баса белгиледи. Мисалы, «Манас» эл аралык аэропорту 3 миллиард сом таза киреше тапса, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы да кирешеси жок болсо, азыр анын таза кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомду түздү.