«Манас» аэропортунун төрагасы кызматтан кетти

“Манас” Эл аралык аэропортунун төрагасы Бактыбек Сыдыков кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда аталган аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, мындай чечимди директорлор кеңеши чыгарган.