Мар Байжиев таптакыр башка жаңы Конституция жазуу керек деп чыкты

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону жаңы Баш мыйзам кабыл алынганга чейин жылдыра туруу керек. Мындай пикирин бүгүн конституциялык кеңешменин мүчөсү, драматург Мар Байжиев айтты.

“Биздин комиссиянын атынан эки сунуш киргизели. Биринчиси – бул сунушталган Конституцияны мамлекеттик курулуштун жаңылоосуна дал келбейт деп таануу. Демек, таптакыр башка Баш мыйзамдын жаңы версиясын жазуу зарыл болот. Экинчиси – бул өлкө жетекчилигине жаңы Конституция кабыл алынганга чейин шайлоону жылдыра туруу боюнча кайрылуу”, — деди Байжиев.

Конституциялык кеңешменин модераторлорунун айтымында, алар мындай маселени көтөрүүгө укугу жок. Буга драматург “биз сунуштай берели, алар өздөрү чечишсин” деп жооп кылды. “Азыр талкууланып жаткан версия ансыз деле көп ызы-чуу кылып салды. Эч кимге жеңил эмес. Ошон үчүн башка жаңы Баш мыйзам жазуу керек. Президенттик шайлоо андан кийин гана өтсүн”, — деди Мар Байжиев.