Марипов: «Бажы кызматында канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы, иш оңолбойт»

Министрлер кабинетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, 2022-жылга республикалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү мамлекеттик инвестициялар грантын эске алганда 203,6 миллиард сом суммасында же ИДП карата 28,5 пайыз деңгээлинде болжолдонууда. 2021-жылга белгиленген бюджетке салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешеси номиналдык көрсөткүчтө 30,7 миллиард сомго жогорулайт. Республикалык бюджеттин 2022-жылга жалпы чыгаша көлөмү 212,7 миллиард сом деңгээлинде (ИДП карата 31,3 пайыз) белгиленүүдө.

Мындан тышкары, ушул жылы бир топ маанилүү чыгымдар, анын ичинде медициналык, маданият жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу орун алды. «Көптөн бери биринчи жолу аскерлердин тамак рациону жакшыртылды, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө каражат бөлүндү. Коронавирустук инфекцияга каршы вакцина сатып алынды, 1-октябрдан тарта пенсиялардын жана социалдык төлөмдөрдүн базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Мамлекет айлыктарды жана пенсияларды төлөө боюнча социалдык милдеттенмелерин толук аткарууда», – деди Марипов. Ал кошумчалагандай, фискалдык системаны санариптештирүү олуттуу натыйжаларды берип жатат – салык кызматы салык боюнча белгиленген планды 105 пайызга аткарды.

«Бажы кызматынын иши жөнүндө айта турган болсок, биз канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы, бажы системасын толугу менен автоматташтырбасак, иш оңолбойт. Биз бажы кызматы менен бизнес өз ара байланышпаган процессти түзүшүбүз керек. Жакын арада бажы декларациясын дистанциялык түрдө толтуруу системасы ишке киргизилиши керек», – деди Министрлер кабинетинин башчысы. Талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбооруна макулдук берүү чечими кабыл алынды.