Марипов: «Биз калкты эмдөөдө кечигип жатабыз. Оору сыртта күтүп турбайт»

«Кыргызстан калкты коронавируска каршы эмдөөдө кечигип жатат». Мындай оюн бүгүн, 1-апрелде  премьер-министр Улукбек Марипов министрликтин жетекчилеринин катышуусунда өткөн өкмөт жыйынында билдирди.

Ал айрым мамлекеттерде локдаун киргизилип жатканын айтып, эмдөө маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.

«Кээ бир өлкөлөр шаарларына локдаун киргизип башташты. Сиздер тез арада вакцинация маселесин чечишиңиздер керек. Биз бүгүн бул жаатта кечигип жатабыз. Бекер берген өлкөлөрдү карап эле отурбай, келгиле, бюджеттен акча карайлы. Жок дегенде бул оору менен ооруй элек жарандарга, «кызыл зонада» иштегендерге эмдөө жүргүзөлү. «Спутник V» кечигип атат. Сыртта оору күтүп турбайт. Эгер абал чукул өзгөрүп кетсе, онлайн окутууга өтүүгө да баары даяр болсун», — деди өкмөт башчы.