Марипов: «Бүгүн көп товарларды импорттойбуз. Биз аны өзгөртүүнү пландаштырып жатабыз»

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен жана Ош облустарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кадамжай шаарынын базарына барды. Ал күндө керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасы менен таанышып, базарга келген тургундар менен, андан соң, жер тилкесин иштеткен дыйкандар менен пикир алышты. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

«Министрлер кабинети өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоодо. Бүгүнкү күндө көптөгөн товарларды импорттоодобуз. Бирок биз аны өзгөртүүнү пландаштырып жатабыз. Биз өзүбүздү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздообуз керек», — деди ал.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасы Кызыл-Кыя шаарындагы У.Гулматов атындагы № 9 орто мектепте жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты. Улукбек Марипов социалдык объектилердин курулушуна өзгөчө басым коюлуп жаткандыгын эске алуу менен, башталган иштердин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кызыл-Кыя шаарындагы У.Гулматов атындагы №9 орто мектебин оңдоонун жалпы сметалык наркы 31,7 миллион сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 13 миллион сом сарпталды. Оңдоо иштери үч кабаттуу типтүү имараттын бир кабатында гана аяктаган. 2018-жылы объектиде иштер башталып, акча каражатынын өз мөөнөтүндө бөлүнбөгөндүгүнөн улам иштер жыйынтыкталбай калган.