Марипов курулуш тармагындагы тоскоолдуктарды кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды

Бүгүн, 20-февралда премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

«Курулуш тармагы – өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналат. ИДПдагы анын үлүшү 10 пайызды түзөт. 2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана инвестициялардын кыскаруусуна карабастан, 900 миң чарчы метрден ашуун турак-жай пайдаланууга берилген. 2020-жылы курулуш тармагындагы инвестициялардын көлөмү 46 миллиард сомдон ашуун сумманы түзгөн.

Бүгүнкү күндө биз көптөгөн жылдар бою аталган тармакта чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү талкуулап, ал милдеттерди комплекстүү негизде чечүүгө ниеттенүүдөбүз», — деди Марипов.

Өз кезегинде курулуш бизнесинин өкүлдөрү көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Алсак, аларга инженердик, электр энергиясы тутумдарына, муздак жана ысык суу менен камсыздоо тармактарына, канализацияга, борбордук жылытуу тутумуна кошулуу, текшерүүчү органдардын компаниялардын ички иштерине кийлигишүүсү, уруксат берүүчү документтерди алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар, жер маселеси, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашуулар сыяктуу маселелер кирет. Мындан тышкары, архитектура жана курулуш тармагындагы «Бирдиктүү терезенин» ишиндеги бюрократиялык тоскоолдуктар байкалат. Мамлекеттик органдар менен өз-ара түшүнүшүү жок, ошол эле учурда республикалык бюджеттин маанилүү бөлүгү бизнестин чегерүүлөрүнөн түзүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча премьер-министр Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине курулуш тармагында иштеген уюм өкүлдөрү тараптан көтөрүлгөн маселелерди кыска мөөнөттө чечүүнү жана курулуш тармагын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны инвентаризациялоо жана өркүндөтүү боюнча иш алып барууну тапшырды.