Марипов: «Кышкы жылытуу мезгилине энергетика жана өнөр жай министри жеке жоопкерчиликте болот»

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыгы каралды. Бул маселе боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы угулду.

Улукбек Марипов «Электр станциялары» ААКга күйүүчү-май ресурстарын сатып алуу үчүн 2,3 миллиард сомго бюджеттик кредит берилгенин, «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасына карызды жабуу үчүн кошумча 121,4 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи.

«Кышкы жылытуу мезгилине тиешелүү даярдык көрүүгө жана андан сапаттуу өтүүгө энергетика жана өнөр жай министри жеке жоопкерчиликте болоорун баса белгилейм. Электр энергиясын керектөө лимиттеринин сакталышын жана бардык мамлекеттик, муниципалдык жана башка уюмдар тарабынан электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо өтө маанилүү. Мындан тышкары, отун базаларынын калк үчүн жеткиликтүү баада көмүр менен камсыздалышын, ошондой эле социалдык мекемелердин отун менен камсыздалышын тийиштүү көзөмөлгө алуу зарыл», — деди ал. Маселени талкуулоонун жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.