Улукбек Марипов Михаил Мишустинди күзүндө Бишкекке келип кетүүгө чакырды

Өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр Улукбек Марипов Казань шаарында жумушчу сапары менен жүргөнүн тастыктады. Маалыматка караганда, ал Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечегинин маселелерин талкуулады.

Ошондой эле «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясын гранттык негизде бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, Михаил Мишустинди 2021-жылдын күз мезгилинде Бишкек шаарында өтүүчү Кайчылаш жылды жабуунун салтанаттуу аземине катышуу үчүн расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.