Марипов: «Өкмөт мүчөлөрү кыскарат»

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат.

Анын жүрүшүндө депутат Абдывахап Нурбаев өкмөттүн түзүмү, канча вице-премьер-министр калары тууралуу суроо берди.

Марипов 22 өкмөт мүчөсүнүн ичинен 16сы каларын айтты.

«Өкмөткө караштуу агенттиктер, ведомстволор, фонддордо да координациялык реформалар жүрөт», — деди Марипов.