Марипов Сауд Арабиядагы, Кадыркулов Украинадагы элчилик кызматка сунушталууда

Мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргыз мамлекетинин Сауд Арабиядагы, ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчи кызматына сунушталууда. Алардын талапкерлиги бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралат.

Кыргыз мамлекетинин Сауд Арабиядагы элчилигин учурда Абдилатиф Жумабаев аркаласа, ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси болуп Жусупбек Шарипов иштеп келет.

Улукбек Марипов өткөн жылдын февраль-октябрь айларында өкмөттү башкарса, Идрис Кадыркулов УКМКны 2018-2019-жылдары жетектеген.