Марипов тажиктер окоп казып жатат делген Чоң-Алай районуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун коңшу Тажикстан менен чектеш болгон айылдарына барып, анда тургундар менен жолугуштум. Бул тууралуу өзү соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Бүгүнкү күндө чек ара маселесин чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалуда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Жакында көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чейин Тажикстан менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылды толук токтотуу чечими кабыл алынды. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү менен катар биз чектерибизди чыңдоо максатын коюудабыз. Ал үчүн биздин чек арачылар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдөбүз. Мамлекетик чек араны чыңдоо маселесинде жергиликтүү тургундар маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан сиздерди сабырдуулукка жана түшүнүшүүгө чакырам», — деди Улукбек Марипов.

Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы «Карамык» чек ара заставасына барып, «Карамык —  Автожол» жаңы өткөрүү пунктунун курулушу менен таанышты. Өткөрүү пунктунда чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, ветеринардык-фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүлөт. Объекттеги курулуштун негизги бөлүгү апрелде жыйынтыкталган, өткөрүү пункту бажы кызматына берилген. Бардык курулуш иштери жыйынтыкталган соң, өткөрүү пункту толугу менен пайдаланууга берилет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Чоң-Алайда абал тынч эмес экенин, тез арада чара көрүү керектигин айткан эле. Буга карата УКМК эл өкүлүнүн сөзүн төгүндөгөн маалымат тараткан.