Мариповдун элчилик кызматка көрсөтүлгөн талапкерлиги парламенттик комитетте бир добуштан жактырылды

Мурдагы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун элчилик кызматка көрсөтүлгөн талапкерлиги парламенттик комитетте бир добуштан жактырылды. Буга чейин анын талапкерлиги Кыргыз мамлекетинин Сауд Арабиядагы элчиси кызматына сунушталып жатканы маалым болгон.

Добуш берүүдө анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин бардык мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Улукбек Марипов өткөн жылдын февраль-октябрь айларында өкмөттү башкарса, ага чейин 2016-2021-жылдары Эсептөө палатасынын төрагасы болуп турган.