Марлен Маматалиев: «Айрым кармалган кишилерге кейиген деле жокмун»

Мындан эки күн мурда 20дан ашуун саясатчылар жана жарандык активисттердин үйүндө тинтүү жүрүп, кармалып, андан ары алар камакка алынышты. Ички иштер министрлигинен бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Биз массалык кармоолорго байланыштуу депутаттардын пикирин билип көрөбүз.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, мыйзам алдында баары бирдей. «Кармалгандар тууралуу маалымат алалы деп жатабыз. Жеке мен айрым кишилерге кейиген деле жокмун. Канчадан бери эле аралашып, саясатта жүрүшөт, бирок ошол эле учурда жаш активисттерге жана айымдардын кармалышын түшүнбөй турам. Алардын эч кандай күнөөсү жок деп ишенип турам»,- деди ал.