«Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад боюнча чечим кабыл алууга мораторий жарыялай турууну сунуштады. Бул демилгеге карата башка депутаттардын пикири кандай экенин сурадык.
Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, Кыргызстан бир тараптуу мораторий киргизе албайт. Аны эки тараптуу чечиш керек. «Менин оюмча, чек ара боюнча бизде жакшы жетишкендиктер бар экен. Мына ошолорду бүтүрсөк болот. Ал эми Кемпир-Абад боюнча аны өзүнчө карасак туура болот эле. Аны караш керек, бүгүн болбосо, эртең кароого туура келет. Бул маселеге 1-2 жыл болсо да, кайра кайтып келүү туура болот. Кемпир-Абадды биргелешип иштетүү боюнча сунуш түштү да. Мен сунуш кылат элем, ошого плотинанын өзүн, жерди, сууну киргизип коелу да. Ошондо маселе чесилет беле деп ойлойм», — деди ал.











