Марлен Маматалиев: «Коомчулук кемчиликтер болсо айтып чыгышы керек»

Ак-Ордодо үйү сүрдүрүлгөн аялдын видеосу соцтармакта тарап, резонанс жараткан соң президент өзү барып ага жолукту. Окуучунун мугалимди шылдыңдаган видеосунун окуясында да министр өзү баш болуп мектепке барды. Маселени чечүүнүн башка жолдору бар беле? Депутаттарга кайрылып көрдүк.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, коомчулук ошол окуяны айтып чыгып, президент көңүл бурбай калганда, балким ушуга окшогон 100дөгөн окуялар көз жаздымда калмак. «Министрдин мектепке барганы да туура. Профилактика жагынан туура деп кабыл алса болот. Жалпысынан коомчулук кемчиликтер болсо айтып чыгышы керек. Тез эле башчылардын алдындагы жетекчилер чечиши керек», — деди ал.