Марлен Маматалиев Ташиевдин сырдуу билдирүүсү боюнча: «Балким Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды кечирет»

“Кудай кечирип жаткан соң, кечирбегендей сен кимсиң?». Дал ушундай сөздөр камтылган билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Бул пост түрдүү жоромолдорго жол ачып, талкууга жем таштады. Сырдуу билдирүүдөн улам депутаттардын оюн угуп көрөлү дедик.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, сырдуу билдирүүнүн кимге багытталганын айтуу кыйын. «Кандай болсо да, бир туура нерсени айтты. Биз адам болгон соң, кечиргенди үйрөнүш керек. Божомол катары, балким Кемпир-Абад боюнча. Мүмкүн кармалган адамдарды кечирет», — деди ал.